Жалпы маалымат
«TRACK.SDG3.7» платформасы «Үй-бүлөлүк пландаштыруу 2030» глобалдык өнөктөштүгүнүн алкагында Кыргызстандын беш негизги милдеттенмесин аткаруунu көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн.
2018-жылы Кыргызстан «Үй-бүлөлүк пландаштыруу 2020» (ҮП2020) демилгесине кошулуп, өзгөчө жогорку тобокелдиктеги топтордогу аялдардын заманбап контрацепцияларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди алган.
2021-жылы дүйнөлүк коомчулук ҮП2020 жетишкендиктерин бекемдөө үчүн ҮП2030 түздү. Кыргызстан кайрадан өз милдеттенмесин ырастады, ал эми КР Саламаттык сактоо министрлиги ЮНФПАнын колдоосу менен беш жаңы милдеттенмени иштеп чыкты.
Кыргыз Республикасынын ҮП2030 алкагындагы милдеттенмелери:
Клиникалык протоколдор/колдонмолорду иштеп чыгуу аркылуу үй-бүлөлүк пландаштыруу кызматтарынын сапатын жогорулатуу.
Бул милдеттенменин алкагында послерodovой жана постаборттук үй-бүлөлүк пlanдаштыруу боюнча жаңы клиникалык протоколдор/колдонмолор экспертизадан өткөрүлүп, медициналык кадрларды даярдоо жүргүзүүчү окуу жайларынын окуу пландарына киргизилет.
Мамлекеттик бюджеттен сатып алынган контрацепциялардын жеткирүү чынжырын санarip маалыматтарды колдонуп башкаруунун ачыктыгын жогорулатуу.
Кыргыз Республикасы жаңы контрацепцияларды кошуп, жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин улуттук тизмесин кеңейтет.
1000 аялга 50ден 40ка чейин өспүрүмдөрдүн туулуктуулугун төмөндөтүү.
Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүмдөрдүн ҮП боюнча маалымдуулугун жogorулatуу боюнча коммуникациялык план иштеп чыгат.
Сексуалдыk-репродуктивдик ден соолук үчүн «Минималдуу баштапкы кызматтар пакети» (МБКП) инструменти.
Кыргыз Республикасы гуманитардыk жана кырсыктык абалдарда СРД жөнгө салуунун минималдуу стандарттарын киргизет.
КР финансылыk милдеттенменин максаты: 2026-жылга чейин 60%, 2030-жылга чейин 70%га чейин контрацепцияларды колдонуунu жогорулатуу.
КР Саламаттык сактоо министрлиги каржылоо муктаждыктарын прогноздоо жана бюджеттин аткарылышын мониторинг кылуу үчүн санarip механизмдер тууралуу положение бекитет.